Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Кипр финансылык кризистен сактануу амалын издөөдө


Кипр өкмөтү 10 млрд. долларлык насыя алуу боюнча сүйлөшүү өтө кылдат жүрүп жатканын, президент Никос Анастадис евромейкиндик жана Эл аралык валюта кору менен сүйлөшүүнү улантканы Брюсселге барарын маалымдады. Европа борбордук банкы дүйшөмбү күнгө Кипр өкмөтү кризистен чыгуунун планын иштеп чыкпаса, өлкө банктарын кезексиз каржылоо токтотуларын эскертти. Мындай кырдаал Кипрди өзүн кудретсиз деп жарыялап, евромейкиндиктен чыкканга түртүшү этимал. Сүйлөшүүдө Кипр банкындагы 100 миң евродон көп суммадагы аманат акчалардан бир жолу 20 процент же андан көп салык алуу каралууда. Эл аралык лидерлер Кипрге 10 млрд. евро кезексиз кредит берүү үчүн өзү 6 млрд. евро табуусун талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG