Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү соттук жараянда күбөлөр көрсөтмө берүүнү улантышат. Буга чейин Бишкектин Ленин райондук сотунда ишти карап жаткан судья Афчи Алиевге Түлеевдин адвокаттары ишеним көрсөтпөй, ал алмаштырылган. Ишти март айынан тарта судья Аманбек Сариев карай баштады.
Соттук жараянда Түлеев менен бирге айыпталуучу катары Бишкек мэриясынын мурдагы 5 кызматкери да суралууда. Аларга Түлеевдей эле 2008-жылы Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айып тагылган.
Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынан депутат Нариман Түлеев өткөн жылы 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алынган. (BkA)