Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Кипр Евробиримдиктен жардам алуу боюнча макулдашты


Кипрдин жетекчилери эл аралык кредиторлор менен 10 миллиард долларлык насыя алуу боюнча алдын-ала макулдашты. Жекшемби күнү Брюсселде башталган сүйлөшүүлөрдө жыйынтыкка келүү кыйын болуп жатканы айтылган. Буга чейин Европа борбордук банкы бүгүнкүгө Кипр өкмөтү кризистен чыгуунун планын иштеп чыкпаса, өлкө банктарын кезексиз каржылоо токтотуларын эскерткен болчу. Мындай кырдаалда Кипр өзүн кудуретсиз деп жарыялап, евромейкиндиктен чыгууга алып барышы ыктымал. Кечээ Кипр президенти Никос Анастасиадис Евробиримдиктин, Европа борбордук банкы жана Эл аралык каржы корунун жетекчилери менен жолуккан. Сүйлөшүүдө Кипр банкындагы 100 миң евродон көп суммадагы аманат акчалардан бир жолу 20 пайыз же андан көп салык алуу каралууда.

XS
SM
MD
LG