Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:38

Сирия: оппозиция ал-Хатибдин отставкасын кабыл албады


Сирия оппозициясынын Улуттук коалициясынын төрагасы Ахмед Муаз ал-Хатиб өз ыктыяры менен лидерликтен кеткен соң оппозиция өкүлдөрү түшүнүксүз жагдайга кептелди. Жекшембиде ал-Хатиб каалагандай эркин иштөө үчүн коалиция төрагалыгынан кетээрин Facebook социалдык тармагындагы баракчасында билдирген. Ал мындай чечимин Катардагы Араб Лигасынын саммитине эки күн калганда жарыялады. Аталган саммитте Сириянын атынан мүчөлүк кылуу укугун оппозицияга берүү маселеси каралмак. Аталган уюмга Сириянын мүчөлүгү өлкөдөгү жаңжалдан соң токтотулган болчу.

Оппозициянын Улуттук коалициясын мүчөлөрү ал-Хатибдин отставкасын кабыл албай турганын, Сирия үчүн тагдыр чече турган мезгилде ал төрагалыкты аркалаш керектиги тууралуу билдирүү жасашты. Сириянын оппозициянын колдогон АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри ал-Хатибдин мындай кадамына өкүнүчүн билдирип, бирок бул Кошмо Штаттардын оппозицияга жардам беришине таасирин тийгизбей турганын жарыялады.

XS
SM
MD
LG