Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Чек араны тактоо боюнча делегация Ташкенге учуп кетет


Чек араны тактоо боюнча кыргыз делегациясы Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бүгүн Ташкенге сапар алат. Өкмөттүн Чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, жолугушуулар 26-27-мартта өтөт. Бул жолку сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин өзбек тарап белгиледи. Кыргыз делегациясы болсо Анжиян-Кемпир-Абад суу сактагычы жана Барак экславына жол ачуу маселелерин талкууга алып чыгууну көздөөдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны тактоо боюнча мамлекеттик делегациялары январдын башындагы Чарбак-Сох жаңжалынан бери жолугуша элек болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG