Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Казакстан Кыргызстандан сүт ала баштайт


Бүгүндөн тарта Казакстан Кыргызстандын эки сүт комбинатынан сүт сатып ала баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт алдындагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан кабарлашты. Өткөн жылдын декабрь айында Бажы биримдигинин ветеринарларынын текшерүүсүнөн соң Казакстан “Бишкек сүт” жана “Кант сүт” комбинаттарынан сүт азыктарын сатып алууга уруксат берген. Бул ишканалар 90 тоннадан сүт экспорттоону пландап жатышат. Бажы биримдигинин эксперттери дагы 7 комбинаттан бир катар кемчиликтерди таап, аларды кайрадан текшерип чыгууну талап кылууда.

Казакстан Кыргызстандан былтыр октябрь айынан тарта сүт алууну токтоткон. Буга Кыргызстанда малдын башын идентификациялоо мыйзамы кабыл алынбаганын жана өлкөдөгү санитардык-ветеринардык абалдын начардыгы жүйөө катары келтирилген. Малды идентификациялоо жөнүндө мыйзам учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG