Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Улуттук консерватория композитор Калый Молдобасановду эскерет


Бүгүн Кыргыз Улуттук консерваториясында СССРдин эл артисти, композитор Калый Молдобасановду эскерген концерт өтөт. Иш-чараны жакында эле Молдобасановдун ысымы ыйгарылган Улуттук консерваториянын жамааты уюштурууда. Концертте композитор эскерилип, өлкөнүн көрүнүктүү маданият ишмерлери анын чыгармаларын аткарышат.

СССРдин эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры Калый Молдобасанов Нарын облусундагы Ак-Талаа районунда белгилүү манасчы жана акын Молдобасан Мусулманкуловдун үй-бүлөсүндө туулган. Алгач Фрунзедеги Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайды, андан соң Москва мамлекеттик консерваториясын бүтүргөн. Ал композитор катары “Саманчынын жолу” балет ораториясын, “Куйручук” балетин, “Манас” эпосунун негизинде сифонияларды жазган. Кыргызстан эгемендик алган соң композитор Насыр Давлесов менен бирге өлкө гимнинин музыкасын жазган. Калый Молдобасанов 2006-жылы дүйнөдөн кайткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG