Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

АКШ мамкатчысы күтүлбөгөн сапар менен Ооганстанга барды


Жон Керри мамлекеттик катчынын кызматына киришкенден бери Ооганстанга биринчи жолу барды. Ал Кабулда ооган президенти Хамид Карзай менен жолугуп, коопсуздукту камсыздоону жергиликтүү күчтөргө толук өткөрүп берүүдөгү жоопкерчиликти талкуулайт. Ушул тапта 2014-жылы Ооганстандан чет элдик аскерий күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча даярдыктар жүрүүдө. Дүйшөмбүдө Баграм базасына чукул жердеги Парван түрмөсүн көзөмөлдөөнү оогандарга өткөрүп берүү иш-чарасы өттү. Ооганстандагы АКШ жана НАТО күчтөрүнүн командачысы, генерал Жозеф Данфорд "Бул иш-чара абдан маанилүү. Бул олуттуу саясий жана коопсуздук боюнча өткөөл жараяндын бир гана бөлүгү. Бул алдыдагы өткөөл жараянга карай маанилүү кадам", деди.

Ушул айдын башында президент Карзай расмий Вашингтон талиптер менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өлкөдө бейстабилдүүлүктү түзүп, чет элдик күчтөрдү Ооганстанда кармап турууну көздөөдө деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG