Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:05

Cириянын оппозициясы Араб лигасына расмий өкүл болду


Дүйшөмбүдө Сириянын оппозициясы президент Башар Асаддын бийлигинин ордуна Араб лигасына расмий өкүл болуп кабыл алынды. Мындай чечим аркылуу Араб лигасына кирген көпчүлүк өлкөлөр Катардын сунушун колдоп, расмий Дамасктын ордуна Сириянын улуттук коалициясына орун беришти.

Бүгүн Дамаскта атышуу болгону кабарланды. Өкмөттүк маалымат каражаттары муну «террорчулар жасады» деп билдирди. Бери дегенде 1 киши өлүп, бир нечеси жарадар болгону айтылууда.

Ал ортодо интернеттеги социалдык түйүндөрдө Сириянын улуттук коалициясынын жаңы лидери Моаз ал-Хатиб кызматын тапшырганы тууралуу маалымат тарады. Сирия оппозициясынын лидерлери менен Катардын бийлиги аны кайра кызматка келүүгө чакырды. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри ал-Хатибдин кызматтан чегингенине өкүнүч билдирип, сириялык оппозицияга америкалык жардам уланаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG