Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Орусия Березовскийдин активдерин кайра алууга аракеттенет


Орусиянын Башкы прокуратурасы өткөн аптада Британияда каза болгон Борис Березовскийдин активдерин кайтарып алууга аракеттенет. Прокуратура орусиялык ишкер мыйзамсыз жолдор аркылуу байыган, чет өлкөдөгү өнөктөштөрүнүн жардамы менен байлыгын легалдаштырган деп санайт. Мындай билдирүүнү Орусиянын башкы прокурорунун орун басары Александр Звягинцев таратты.

2012-жылдын апрель айында Орусиянын Башкы прокуратурасы Францияда Березовскийдин 13 миллион евро мүлкү камакка алынганын билдирген. 2011-жылы болсо Францияда Березовксийдин эки яхтасы менен виллалары камакка алынган. РИА Новости агенттиги болсо кийинчерээк яхталар камактан чыгарылганын жазган.
Соңку кезде Лондондо жашаган 68 жаштагы Березовскийдин сөөгү 23-мартта өз үйүндө табылган. Орус миллиардердин өлүмүнүн себептери иликтенүүдө. Британ полициясы бул ишке бирөө-жарымдын тиешеси жок деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG