Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Чүйдө үч айыл таза суусуз калды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Чүй облусунун Жайыл районундагы Кайырма, Бөксө-Жол жана Бекитай айылдарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Буга үч күн мурда айылдарды суу менен камсыз кылган Кара-Балта суусуна күйүүчү май ташуучу унаанын кулашы себеп болгон. “Howo” үлгүсүндөгү унаанын моторунан жана бактан аккан май сууга кошулуп кеткен. Азыр үч айылда жашаган 2500дөй адамга таза суу ташып келип жатышат. Райондук санитардык-эпидемиялогиялык кызмат сууну текшерүүнү улантууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG