12-14-апрелде Италияда чет жердеги кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк форуму өтөт. Kyrgyz Club уюмунун маалыматы боюнча, форумга Түндүк Америка, Европа, Азиядагы ондон ашык өлкөдө жашаган кыргыздар катышат. Иш-чара кыргыз диаспораларынын башын бириктирип, өз ара тажрыйба алмашуу жана кызматташууну максат кылат. Кыргыздардын биринчи форуму былтыр Нью-Йорк шаарында өткөн. (KKs)