Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Карамушкина: 58 депутатта 150дөн ашык курал бар


Жогорку Кеңештин 58 депутатынын колунда 154 ок атуучу курал бар. Ички иштер министрлигинен алынган бул маалыматты парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина «Азаттыкка» тастыктады.

Карамушкина депутаттардын курал алып жүрүүсүнө тыюу салуу демилгесин көтөрүп, депутаттын макамы жана парламенттин регламенти жөнүндө мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо.

«58 депутаттан башкабыз куралсыз эле жүрөбүз. Биз карапайым жарандардыкындай эле шартта жашап жатабыз. Ар кандай криминалитет, талап-тоноочулардан коркунучтар болушу мүмкүн экенин түшүнөбүз. Бирок ушундай эле коркунучка биздин жарандар да кабылышы ыктымал. Же биз барыбыз куралданышыбыз керек, же барыбыз куралды тапшырыбыз керек», - деди Карамушкина.

Эл өкүлү белгилегендей, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын колунда ондон ашык курал-жарак бар. (KKs)

XS
SM
MD
LG