Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерди паспорт же адамдын ким экенин күбөлөндүргөн документтин негизинде гана сатуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул багытта тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын демилгечилердин бири, депутат Дастан Бекешев “Азаттыкка” кабарлады. Өзгөртүүлөргө ылайык, сатуучулар алкоголдук ичимдиктерди алам деген кардардан документ көрсөтүүсүн талап кылганга милдеттендирилет. Бул аракет ичимдиктердин 18 жашка толо элек жарандарга сатылышына жана аракечтикке бөгөт коюу максатында жасалууда.
Бир нече мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин эки комитети жактырып, долбоор парламенттин жалпы жыйынына жөнөтүлдү. (KKs)
Бир нече мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин эки комитети жактырып, долбоор парламенттин жалпы жыйынына жөнөтүлдү. (KKs)