Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Cирия оппозициясы Араб Лигасынын жыйынына катышууда


Доха шаарында Араб Лигасынын эки күндүк жыйыны башталды. Катардын эмиринин чакыруусу менен Сирия оппозициясы жыйынга Сириянын атынан катышууда. Араб Лигасы 2011-жылдын аягында Сириядагы кандуу булоондун токтотулбаганына нааразылык иретинде Сириянын мүчөлүгүн токтотуп койгон эле. 24-мартта Сирия улуттук кеңешинин саясый жетекчилигиндеги келишпөөчүлүктөн улам, анын лидери Муаз ал-Хатиб отставкага кеткен. Анткен менен ал-Хатиб Дохадагы жыйында сүйлөйт деп күтүлүүдө. Сирия оппозициясындагы атаандашууга улуттук кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн каршылыгына карабай, исламга ыктаган Гассан Гиттонун козголоңчулардын утурумдук өкмөтүнүн премьер-министр болуп шайлануусу түрткү болду.

XS
SM
MD
LG