Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:03

Ташкенде чек ара боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү башталды


Чек араны тактоо боюнча бүгүн Ташкенде башталган сүйлөшүүлөргө кыргыз делегациясын вице-премьер министр Шамил Атаханов жетектеп барды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Өзбекстандык маалымат каражаттарынын жазышынча, өзбек делегациясын биринчи-вице-премьер-министр Рустам Азимов жетектөөдө.

Чек араны тактоо боюнча кыргыз-өзбек делегациялары январдын башындагы Чарбак-Сох жаңжалынан бери алгачкы ирет жолугушуп жатышат. Бул сүйлөшүү вице-премьер-министрлердин деңгээлиндеги алгачкы жолугушуу катары сыпатталууда. Кыргыз тарап бул жолу Барак эксклавына каттамды калыбына келтирүү, Анжиян - Кемпир-Абад суу сактагычынын башын ачуу боюнча маселелерди көтөрүүнү көздөөдө. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр эртең соңуна чыкмакчы.

Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы бир жарым миң чакырымдай чек ара тилкесинин 300 чакырымдайы толук тактала элек. (ZB/KKs)

XS
SM
MD
LG