Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

КТРК жетекчиси дарегине айтылган дооматты четке какты


Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчиси Кубат Оторбаев журналист Нышанбек Кочкоровдун тендер өткөрүүдөгү алешемдиктер тууралуу билдирүүсүн четке какты. КТРКнын басма сөз кызматы таркаткан маалыматта тасмаларды кыргызчага которуу боюнча эки жыл мурдагы тендер мыйзам чегинде өткөрүлгөнү белгиленген.

Бүгүн журналист Нышанбек Кочкоров КТРК өткөргөн тендерге бир гана “Айтыш фильм” киностудиясы катышканын айтып, каналдын жетекчилигин сынга алган болчу.

Мындан төрт күн мурда КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаев каналдын Байкоочу кеңешине өткөн жыл үчүн отчет берген. Жашыруун добуш берүүдө кеңештин 9 мүчөсү Оторбаевдин отчетун канааттандыралык эмес, калган үчөө канааттандарлык деп баалаган. Мыйзамга ылайык, Байкоочу кеңеш 30-апрелге чейин Жогорку Кеңешке КТРКнын иши тууралуу отчет бериши керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG