Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен “Инфоком” мамлекеттик ишканасын жетектеп келген Кирилл Исмаилов кызматтан алынып, анын ордуна Булат Токсобаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Паспорт чыгаруучу “Инфоком” ишканасы Мамлекеттик каттоо кызматына карайт. Айрым маалымат каражаттарынын жазышынча, “Инфокомдун” жетекчисин алмаштыруу демилгесин парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын өкүлдөрү көтөрүп келген. (KKs)