Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Президент Асадга ишемдүү күчтөр Баба Амрды кайра ээледи


Сириянын өкмөттүк күчтөрү козголоңчуларды өлкө ортолугундагы Хомс шаарындагы Баба Амр районунан сүрүп чыкты. Эрегишчилер районду эки апта мурда ээлеп алган эле. Сириядагы адам укуктарына байкоо салчу уюмдун билдиришинче, армия адегенде районго согуштук учактардан, ракеталардан жана танктардан сокку урган жана мурда райондон чыгып кеткен адамдар кайра келип, бомбалоодон улам үйлөрү жашоого ылайыксыз болуп калышканын көрүшкөн. Оппозиция активисттери Хомстун четиндеги Абел кыштагында кыйнап өлтүрүлүп, кийин өрттөлгөн 13 адамдын сөөгүн табышканын да билдирди. БУУнун эсебине караганда, Сириядагы жарандык согушта 70 миңден көп адам курман болду.

XS
SM
MD
LG