Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Жон Керри Ооганстандан учуп кетти


АКШ Мамкатчысы Жон Керринин Ооганстандагы эки күндүк сапары карыды. Керри бүгүн да президент Хамид Карзай менен Ооганстандагы жагдайды талкуулады. Андан соң бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде ишкер аялдар жана ырасмий адамдар менен кездешти. АКШ элчиканасында өткөн кездешүүдө аял ишкерлер 2014-жылы америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки коопсуздук жагдайы аларды кооптондурганын айтышты. Керри Кабылдагы Америка университетинде окуган бир нече студент кыз менен купуя сүйлөштү. Ошондой эле Ооганстандын БШКсынын төрагасы менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG