Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

“Парламентти таратуу үчүн” кыймылынын мүчөлөрү эл кыдырууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын төрагасы Мирослав Ниязов кабарлады. Анын айтымында, кыймылдын буга чейин койгон Жогорку Кеңешти таратуу боюнча талабы аткарылган жок. Ошондуктан кыймыл мүчөлөрү Кыргызстандын аймактарын кыдырып, калкты учурдагы парламентти таратууга үндөп жатышат. Ниязов кыймылдын мүчөлөрү Чүй аймагын кыдырып чыгышканын, жакындан тарта башка аймактарга аттанарын кошумчалады:

-Учурда оппозициянын айрым өкүлдөрү митингдерди уюштуруп, күч менен бийликке барабыз деп ар кыл талаптарды айтып жатышат. Биз буга кошула албайбыз. Бирок эл бийликке нааразы, айрыкча парламентке нааразы экен. Ошондуктан, кырдаал курчубашы үчүн парламентти таратууну талап кылууну улантабыз.

Курамына 5 партия жана 5 коомдук уюм кирген “Парламентти таратуу үчүн” кыймылы февралдын башына Жогорку Кеңеш өзүн өзү таратсын деген демилге менен чыккан эле. Бирок парламенттин көпчүлүк мүчөлөрү мындай демилге менен чыгууга эч кандай негиз жоктугун айтып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG