Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Малды идентификациялоо боюнча мыйзам долбоору талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңеште малды идентификациялоо боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. Бул мыйзамга ылайык, өлкөдөгү малды каттоого алып, паспорттоштуруу каралууда.

Өткөн жылдын октябрь айынан тарта казак тарап Кыргызстандан ташылган сүт азыктарына тыюу салган. Казакстан мындай кадамга Кыргызстанда малды идентификациялоо тууралуу мыйзам жок болгондуктан барганын жана мыйзам кабыл алмайын сүт азыктарын өткөрбөй турганын билдирген. Мындан улам өлкөнүн Айыл чарба жана суу чарба министрлиги аталган мыйзамды даярдап, парламенттен тезинен кабыл алууну өтүнгөн.

Шейшембиден тарта Казакстан тарап Кыргызстандан эки сүт комбинатынан сүт азыктарын сатып ала баштады. (BkA)

XS
SM
MD
LG