Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө пара берүү фактысы боюнча сот жараяны уланат. Анда “Республика” фракциясынан шаардык кеңешке депутаттыкка шайланган Үмүткан Тыналиева аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө пара берүүгө аракет кылган деп айыпталууда. Бүгүнкү жараянда иш боюнча акыркы күбөлөр көрсөтмө берип, соттук териштирүү аяктайт.
Үмүткан Тыналиевага Башкы прокуратура өткөн жылдын декабрь айында кылмыш ишин козгогон. Анда Тыналиевага үгүт өнөктүгү маалында Бишкектеги эки мектептин жана бир бала бакчанын жетекчилерине 90 миң сом пара берген деп айыпталган. Алар бул акчага аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн аталган талапкердин пайдасына иштөөгө көндүрүшү керек болгон. Бирок акчаны алган мектептин деректирлеринин бири Башкы прокуратурага кайрылган. Мунун негизинде башкы көзөмөл орган былтыр 1-декабрда кылмыш кодексинин “пара берүү” беренесине ылайык кылмыш ишин козгогон. (BkA)