Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:21

Араб Лигасы Сирия оппозициясына жардамын көбөйтөт


Аталган уюмдун Катардын борбору Дохадагы саммитинде Сирия оппозициясына жардамды көбөйтүү боюнча резолюция кабыл алынды. Анда бул уюмдун мүчөлөрүнө Сирия оппозициясын колдоо иретинде аскерий жардам көрсөтүү, курал менен камсыз кылууга укук берилди. Ошондой эле саммиттин резолюциясында Лиганын мүчөлөрү бардык аймактык жана эл аралык уюмдарды Сирия оппозициясынын Улуттук кеңешинин Сирия элинин жалгыз мыйзамдуу өкүлү катары таанууга чакырды.

Араб Лигасынын Сирияга арналган саммити шейшембиде башталган. Анын негизги максаты катары Сирия оппозициясын биримдикке чакырып, бул уюмдун алкагындагы анын укуктарын кеңейтүү каралган. Араб Лигасы Сириядагы кандуу булоондун токтотулбаганына нааразылык иретинде Сириянын Лигадагы мүчөлүгүн 2011-жылдын аягында токтотуп койгон эле. Саммит жүрүшүндө Араб Лигасына Сириянын атынан мүчөлүк кылуу укугу оппозицияга берилди. Башар Асаддын өкмөтү муну “Араб Лигасы кылмышкер менен баш кесерлерге орун берип жатат” деп сындап чыкты.

XS
SM
MD
LG