Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерге акциздик салык көбөйөт


10-апрелден тарта Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерге карата акциздик салык көбөйөт. Бул боюнча өкмөттүн тиешелүү токтому чыкканын Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Жаңы эрежеге ылайык, арактын бир литрине карата акциздик салык 40 сом, сырага 12 сом, виного 9 сом, коньякка 42 сомду түзмөкчү.

Акциздик салык көбүнесе алкоголдук ичимдиктер менен тамеки чыгарган фирмаларга же аларды өлкөгө ташып келген тарапка салынат. Бул салыктын көбөйүшү продукциялардын баасынын өсүшүн шарттамакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG