Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Кыргызстанда 5 миң гектардан ашык жер басылып алынган


Кыргызстан эгемендик алгандан бери 5 миң 570 гектар айдоо жерине басып алуу жолу менен үй курулуп кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Эльбира Теңизбаева парламентте «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча мыйзамсыз салынган үйлөрдүн саны 2 миңден ашат.

Жаңы мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда көпчүлүк депутаттар жерлерди трансформациялоого коюлган мараторийди алып салууну, элге үй салууга уруксат берүүнү сунушташты. Бирок айрым эл өкүлдөрү жер аянттарын үй салууга берүү менен айдоо аянттары азайбашы керектигин эскертишти. Жерди бөлүштүрүүнү жөнгө салган мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG