Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Тербишалиев: Ататүрк паркында 50 га жер жеке менчикке берилген


Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев борбор калаанын сейил бактарындагы жерлер жеке менчикке берилип жатканын айтып, Бишкек мэриясын сынга алды. Эл өкүлүнүн парламенттин бүгүнкү жыйынында билдиришинче, 2006-жылдан бери Бишкектеги Жеңиш паркында 8 гектар, Ататүрк паркында 50, Кара-Жыгач токоюнда 20 гектар жана Жаштар паркында 10 гектар жер үй курууга берилип кеткен. Депутат бул схема дале уланып жатканын айтып, 2010-жылдын соңунда Бишкек мэриясы өз токтому менен борбор калаанын генералдык планына өзгөртүү киргизгенин айыптады. Ал шаардын генералдык планына өкмөт гана өзгөртүү киргизе алаарын эскертти.

Парламенттин жыйынына катышкан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бул маселени көзөмөлгө алаарын билдирди.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Бишкек шаар башчылыгына келген Иса Өмүркулов борбор калаадагы жерлерди өзүнө чейинки мэрлер соодалап жибергенин “Азаттыкка” билдирген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG