Өткөн жылдын 25-ноябрындагы шайлоодо паракорчулукка жол берген деп айыпталган Бишкек шаардык кеңешинин “Республика” фракциясынан депутаты Үмүткан Тыналиеванын соту 4-апрелге жылды. Буга айыпталуучунун адвокатынын ооруп калганы себеп болгонун Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Бүгүнкүгө белгиленген жараянда акыркы күбөлөр көрсөтмө берип, соттук териштирүү аяктаары кабарланган. Тыналиева үгүт өнөктүгү маалында Бишкектеги эки мектептин жана бир бала бакчанын жетекчилерине 90 миң сом пара берген деп айыпталууда. (JAk/KKs)