Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

“Фергана.ру” сайты боюнча сот иши токтоду


Бишкектин райондор аралык соту “Фергана.ру” сайтынын арызы боюнча башталган соттук ишти токтотууну чечти. Бул маалыматты Мамлекеттик байланыш агенттигинен “Азаттыкка” тастыкташты. Буга чейин жоопкер тарап сайттын өкүлдөрү сотко кеч кайрылганын жүйөө кармап, ишти токтотууну өтүнгөн.

“Фергана.рунун” адвокаты Нурбек Токтакунов бул чечимге макул эместигин, шаардык сотко доо арыз менен кайрылаарын интернет булактарына билдирди.

2011-жылы кыргыз парламенти улуттар аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялаган деп “Фергана.ру” сайтын kg мейкиндигинде чектөө чечимин кабыл алган. Ага ылайык, Мамлекеттик байланыш агенттиги сайтты жабуу тууралуу интернет-провайдерлерге көрсөтмө берген. Чечимге макул болбогон сайттын жетекчилиги агенттикти сотко берген болчу.

Сайттын жабылышын “Чек арасыз кабарчылар” баштаган эл аралык медиа уюмдар айыптап чыгышкан эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG