Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Президент камактагы депутаттардын иши боюнча оюн билдирди


Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарынын иши боюнча өз пикирин билдирип, тараптарды сабырдуулукка чакырды. Президенттин басма сөз кызматы таркаткан билдирүүдө, Атамбаев Укук коргоочулар кеңешинин билдирүүсү менен таанышып чыкканын, 3-октябрдагы Бишкектеги окуялар боюнча соттун чечимин күтүү зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле тергөө учурунда мыйзам бузулганын сот аныктаса, тийиштүү адамдар өз жазасын алаарын эскерткен.

Кечээ Укук коргоочулар кеңеши камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов баштаган жети адамдын ишин тергөөдө мыйзам бузууларга жол берилгенин айтып чыгышкан.

“Ата-Журттун” үч депутаты өткөн жылдын 3-октябрындагы Бишкектеги митингден кийин бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Анда Камчыбек Ташиев баштаган жоон топ адам Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу. Сот өкүмү 29-мартта чыгаары күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG