Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Экс-президент Отунбаева Жерүйдү иштетүү зарылдыгын айтты


Экс-президент Роза Отунбаева Таластагы Жерүй алтын кени жайгашкан Бекмолдо айыл аймагында жергиликтүүлөр менен жолугушуп, элди кендин иштешине көмөктөшүүгө чакырды. Эки күндөн бери тоо-кен адистеринин коштоосунда жүргөн Отунбаева Жерүй, Андаш, Талды-Булак сыяктуу ири алтын кендер жайгашкан Талас району 90 пайыздык дотацияга муктаж экенин белгиледи.

Өкмөт Жерүй кенин иштетүү керектигин айтып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Бирок кендин айланасындагы айылдардын айрым жашоочулары Кумтөр кенинин маселеси чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө каршы чыгып жатышат.

Буга чейин мекемелер аралык комиссия Жерүйдү сатыкка коюнун жол-жобосун даярдап чыгып, аны өкмөттүн кароосуна жөнөткөн. Өкмөт бул жобону бекиткен соң, кенди сатуу боюнча сынак өткөрүлмөкчү.

Кумтөрдөн кийинки ири алтын кени саналган Жерүйдө кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (MbA/KKs)

XS
SM
MD
LG