Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Орусия: Бейөкмөт уюмдарын текшерүү күчөдү


Орус бийлиги өлкөдөгү бейөкмөт уюмдарды жапырт текшерүүнү улантууда. 27-мартта Transparency International жана Human Rights Watch (HRW) уюмдарынын Москвадагы кеңселирине прокуратурадан жана салык инспекциясынан адамдар келишти. Transparency International уюмунун Москвадагы кеңсесинде иштеген Елена Панфилова өзүнүн Фейсбук баракчасында “Алар бизге келди” деп жазды.

Human Rights Watch уюмнунун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Рейчел Денбер прокуратура жана салык инспекциясы алдын-ала маалымдалбаган текшерүүнү жасаганын кабарларды.

Укук коргоочу уюмдардын “Агора” деген ассоциациясынын эсебинде, акыркы бир айда коммерциялык эмес уюмдардын кеминде 40тан ашууну күтүүсүз текшерүүгө кабылышкан. Алардын көпчүлүгү Кремлдин саясаты боюнча сынчыл турумду кармангандар.

XS
SM
MD
LG