Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Бишкекте түрк дарыгерлери жаңы ыкма менен операция жасоодо


Бишкекте Түркиянын Адана шаарынан келген дарыгерлер Месут Демир жана Мехмет Каначы жүрөк оорулууларга жаңы ыкма менен операция жасап жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 27-марттан тарта түркиялык кардиологдор жүрөк ыргагы бузулган бейтаптарга жаңы ыкма менен, бычак тийгизбей операцияларды жасап жатышат. Операцияга оорусу өтүшүп кеткен 20 бейтап тандалып алынган. Аларга жеңилдиктер каралып, операциянын жарым баасын төлөп жатышат. Бул операциялар Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору менен түзгөн келишимдин негизинде ишке ашууда. Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, Кыргызстанда мындай операцияларды жасоого керектүү медициналык шаймандар жок.

Адистердин маалыматында, Кыргызстанда жүрөк оорусунан жылына 18 миң адам каза болот. Акыркы жылдары жүрөк оорусуна көбүнэсе жаштар чалдыгып жатканы да байкалууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG