Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Орусиядагы бейөкмөт уюмдарды текшерүү уланууда


Орус бийликтери өлкөдөгү укук коргоочу бейөкмөт уюмдарды текшерүүнү улантып жатышат. Шаршембиде Transparency International жана Human Rights Watch (HRW) уюмдарынын Москвадагы кеңселерин прокуратура жана салык инспекциясынын кызматкерлери текшеришти. Human Rights Watch (HRW) уюмунун директорунун Европа жана Борбор Азия боюнча орун басары Рейчел Денбер уюмдун Москвадагы өкүлчүлүгүндөгү текшерүү акыркы жумалардагы бейөкмөт уюмдарды текшерүү жана басым күчөгөнүн жазып чыкты.

Укук коргоочу уюмдардын ассоциациясынын эсебинде, акыркы бир айда коммерциялык эмес уюмдардын кеминде 40тан ашууну күтүүсүз текшерүүгө кабылышкан. Алардын көпчүлүгү Кремлдин саясатын сындап чыккандар. Орус бийликтери болсо текшерүү четтен каржыланган уюмдар боюнча мыйзамга ылайык, жүрүп жатканын билдиришүүдө. Ал мыйзамда сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар Орусияда “чет элдик агенттер” катары кайра каттоодон өтүшү талап кылынган.

XS
SM
MD
LG