Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Бишкек мэриясы сейил бактары сатылбаганын билдирди


Бишкек мэриясы парламент депутаты Данияр Тербишалиевдин “сейил бактардагы жерлер жеке менчикке берилип жатат” деген маалыматын четке каккан билдирүү таркатты. Анда депутаттын маалыматы жалган экени, 2010-жылдан бери Бишкек парктарындагы жерлер үй курууга берилбегени айтылган. Мэрия тескерисинче мурда берилип кеткен жер аянттарын кайра кайтарып жатканы, шаардын генералдык планына өзгөртүү киргизилбегени белгиленген.

Кечээ Социал-демократтар фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев 2006-жылдан бери Бишкектеги Жеңиш паркында 8 гектар, Ататүрк паркында 50, Кара-Жыгач токоюнда 20 гектар жана Жаштар паркында 10 гектар жер үй курууга берилип кеткенин парламент жыйынында билдирген. Депутат бул схема дале уланып жатканын айтып, 2010-жылдын соңунда Бишкек мэриясы өз токтому менен борбор калаанын генералдык планына өзгөртүү киргизгенин кабарлаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG