Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Кыргыз өкмөтү Орусиянын 1-каналын каржылоону токтотууда


Кыргызстандын Финансы министрлиги Орусиянын Биринчи каналын каржылоону токтотуп туруу боюнча “Кыргызтелеком” өңдүү тиешелүү мекемелерге маалымдама жөнөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз өкүлү Назар Малаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, каналды Кыргызстанда көрсөтүү же көрсөтпөө тууралуу так чечим чыга элек.

“Себеби Орусиянын биринчи каналына бөлүнгөн каражаттын натыйжалуулугун изилдеп чыгууга убакыт талап кылынууда. Тиешелүү органдар бул маселени тактап бергенден кийин бир жаңсыл чечим чыгат”,-деди Малаев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрага орун басары Өмүрбек Абдрахманов Орусиянын Биринчи каналын Кыргызстанда таратууга жылына элүү миллион сом бөлүнөөрүн айыптап чыккан. Натыйжада комитет каржылоонун токтотуу тууралуу өкмөткө тапшырма берген.

Андан көп өтпөй Орусиянын элчилиги билдирүү таркатып, телеканалдын берүүлөрүн таратуу боюнча 1996-жылы бекитилген келишим бар экенин эскерткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG