Бүгүн Улуттук тарых музейинде 2010-жылдагы Апрел ыңкылабынын 3 жылдыгына карата форум өтөт. Бул тууралуу форумду уюштуруп жаткан “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен билдиришти. Маалыматка ылайык форумда Апрел ыңкылабына байланышкан соңку кырдаал, анын талаптарынын аткарылыш деңгээли талкууланат. Форумга бийлик өкүлдөрү, саясий партиялар жана коомдук уюмдар чакырылган.(BkA)