Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Үч өлкө БУУнун курал-жарак соодасын жөндөө боюнча келишимине каршы чыкты


БУУнун курал-жарак соодасын жөндөө боюнча келишими кабыл алынган жок. Бул келишимди кабыл алуу боюнча конференция тогуз күндөн бери Нью-Йорктогу штаб-квартирада өтүп жаткан эле. Аны кабыл алуу үчүн БУУга мүчө бардык 193 өлкөнүн колдоосу зарыл. Келишимди соңку ирет бейшембиде талкуулоодо Иран, Түндүк Корея жана Сириянын өкүлдөрү аны колдоодон баш тартышты. Ирандын БУУдагы элчиси Мухаммед Хазаи келишимдин долбоору “саясатташууга жана дискриминацияга жол ачышы мүмкүн” деп, өз каршылыгын негиздеди.

Аталган келишимге ылайык, БУУга мүчө болгон өлкөлөр адам укуктарынын тебеленишине, терроризмге жана гуманитардык укуктун бузулушуна каршы колдонбоо үчүн курал-жарак соодасы тармагындагы келишимдерин кайрадан карап чыгуу милдетин алмак. Иран менен Түндүк Кореяга өзөктүк программаларынан улам БУУ санкцияларды киргизген, ал эми Сирияда болсо эки жылдан бери жарандык согуш жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG