Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Түндүк Корея АКШны бутага алган ракеталарын даярдыкка келтирди


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШнын Тынч океан аймагындагы жана Түштүк Кореядагы базаларына сокку уруу үчүн ракеталарды даярдыкка келтирүү буйругун берди. Бул өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары маалымдашкандай, бейшембиде Ким Чен Ын “Америкалык империалисттердин эсебин табууга мезгил келгенин” жарыялады. Мындай билдирүү АКШ Сеулда өтүп жаткан Түштүк Корея биргелешкен аскерий машыгуусуна ядролук сокку урууга жөндөмдүү В-2 үлгүсүндөгү эки учакты жөнөткөн соң жасалды.

Өткөн айда үчүнчү өзөктүк сыноосун ийгиликтүү өткөргөн Пхеньян АКШ менен Түштүк Кореяга ядролук сокку ураарын айтып, өткөн жумада эле коркуткан. Анда Түндүк Кореянын лидери согуш кайсы учур болбосун башталышы мүмкүн экенин шардана кылган. АКШ Коргоо министрлиги болсо Түндүк Кореянын бул коркутуусун сынга алып, Кошмо Штаттарга каршы кандайдыр бир аракет болсо дароо жооп кайтарууга даяр экенин эскерткен болчу.

XS
SM
MD
LG