Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Орусия Араб Лигасынын Сирия боюнча чечимин сынга алды


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Араб Лигасынын Сирия оппозициясын аталган уюмга мүчө катары таанышы Сириядагы жаңжалды тынчтык жолу менен бүткөрүү планын жокко чыгарганын айтып чыкты. Анын айтымында, Араб Лигасы өз кадамы менен былтыр Женевада кабыл алынган Сирияда тынчтыкты камсыз кылуу үчүн тынчтык планынан баш тартты. Ошондой эле Лавров БУУ жана Араб Лигасынын атынан Сириядагы тынчтык чабарманы катары тандалган Лахдар Брахиминин бул кызматта турушу күмөн жаратаарын билдирди.

Шейшембиде өткөн Араб Лигасынын саммитинде бул уюмга Сириянын атынан мүчөлүк кылуу укугу оппозицияга берип, сириялыктардын жалгыз мыйзамдуу өкүлү катары тааныган болчу. Буга чейин аталган уюм Сириянын Лигадагы мүчөлүгүн бул өлкөдөгү кандуу булоондон улам Башар Асаддын режимине нааразылык иретинде 2011-жылдын аягында токтотуп койгон эле.

XS
SM
MD
LG