Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Жалал-Абад: Митингчилер соттун өкүмүн күтүүдө


Ушу тапта Жалал-Абаддын борбордук аянтында митингге даярдыктар көрүлүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, учурда ал жерде 60тай киши турат. Аянтта эки боз үй тигилген. Митингдин уюштуруучулары - "Ата-Журт" партиясынын камактагы лидер депутаттарынын тарапкерлери. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун өкүмүн угузушу мүмкүн.

Бул үч депутат былтыр 3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттолууда. Бирок алар өзүлөрү бул айып негизсиз экенин айтып келет.

Жалал-Абадда "атажуртчулардын" митинги көптөн бери өтүп келатат. Соңку митингде үч депутат соттон акталып чыкпаса алар "чечкиндүү кадамдарга" бараарын жарыялаган болчу. (RK/YA)

XS
SM
MD
LG