Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Текебаев: “Кечирим суроо” деген мыйзамда жок


“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутат Камчыбек Ташиевдин өзүнүн жана анын урук-туугандарынын өтүнүчү менен бир нече ирет жолукканын билдирип, “кечирим суроо” туурасында сөз болбогонун билдирди. Анын айтымында, мыйзамда “кечирим суроо” каралган эмес жана депутаттын тагдырын сот гана чечиши керек. Биринчи май райондук сотунда камактагы “Атажуртчу” депутаттардын үстүнөн болуп жаткан сот жараянында Камчыбек Ташиев депутат Өмүрбек Текебаев жана башка бийлик өкүлдөрүнөн “кечирим суроо” сунушу болгондугун билдирген.

Ташиев кылмыш ишин ачкан ошол учурдагы Баш прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев, Баш прокурор Аида Салянованы жоопко тартуу керектигин айтып, соттон өзүн актоону суранып сөзүн аяктады. Депутат эгер сот акыйкат чечим чыгарбаса, элди чындыкты издөөгө чакырарын белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG