Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Соттолуучу депутат Жапаровдун тарапкерлери Бишкекке жөнөп кетти


Бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттолуп жаткан депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлери көлдөн Бишкекке эки кичи автобус менен жөнөп кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жапаровдун тарапкерлери кабарлады. Буга чейин алар Каракол шаарында нааразылык акциясын өткөргөн болчу, бүгүн соттун чечимин угузууга катышыш үчүн Бишкекке кетти.

"Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге былтыр 3-октябрда камалган болчу. Учурда Жалал-Абадда алардын бошотулушун талап кылган митинг башталганы жатат.

Сот өкүмү бүгүн чыгат деп күтүлүүдө. Мамлекеттик айыптоочулар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратуу керек деп эсептейт.

Ал эми соттолуучу депутаттардын пикиринде, алар кылмыш жасаган жок жана сот саясый мүнөзгө ээ болууда. (RK/MK)

XS
SM
MD
LG