Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:02

"Ата-Журттун" тарапкерлери сот алдына митингге чыкты


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында ушу тапта 150-200 киши топтолуп турат. "Азаттыктын" кабарчыларынын айтымында, алар соттолуп жаткан депутаттардын бошотулушун талап кылып, аларды эл баатыры деп жазган плакаттарды көтөрүп турат. Ошондой эле депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун чоңойтулган сүрөттөрүн кармап турушат. Талаптарын үн катуулаткыч аркылуу айтууда.

Акция дарбазанын сыртында өтүп жатат. Милиция кызматкерлери көзөмөлдө турат.

Былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттолуп жаткан "Ата-Журттун" лидерлерине карата сот өкүмү бүгүн түштөн кийин чыгат деп болжолдонууда. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG