Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Шувалов: Бажы биримдигине кирүү - Кыргызстандын демилгеси


Бул туурасында бүгүн “Кыргызстан Евразиялык интеграциянын жолунда” деген эл аралык конференциянын жүрүшүндө айтылды. Анда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүсүнүн шарттары жана өзгөчөлүктөрү талкууланып жатат. Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Бажы биримдигине, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүдө Кыргызстан үчүн эң башкы артыкчылык - улуттук кызыкчылыктарды коргоо менен Кыргызстандын экономикасы үчүн тиешелүү жеңилдиктерди алууга жетишүү экендигин белгиледи. Орусиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов 2015- жылдан баштап Бажы биримдиги толугу менен экономикалык мейкиндикке өтөөрүн белгилеп, уюмга мүчө болгон жана жаңы мүчө болчу мамлекеттер ага чейин биримдикке кирүүнүн шарттарын жана процедураларын эртелетиши керектигин айтты. Ал Бажы биримдигине кирүү татаал экендигин эскертип, Кыргызстанды Орусия мажбурлабагандыгын, демилге Кыргызстандан чыгып жатканын белгиледи. Конференцияга Казакстан, Беларус, Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү байкоочулук кылып жатышат. (AzK)

XS
SM
MD
LG