“Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, соттун cыртында турган эл милицияларды түртүп өтүп, соттун короосуна кирип кетүүгө аракет кылышты. Бирок милиция тартипке көзөмөл кылууда. Ал жерде жүргөн укук коргоочу Азиза Абдирасулова чогулгандарды эмоцияга, провакацияга алдырбай, сабырдуу болуп, сот чечимин күтө турууга чакырды.
Сот айыпталуучу депутаттардын акыркы сөзүн уккан соң, чечим чыгаруу бөлмөсүнө кирип кеткен. Бүгүн депутаттарга карата өкүм чыгышы мүмкүн. (AzK)
Сот айыпталуучу депутаттардын акыркы сөзүн уккан соң, чечим чыгаруу бөлмөсүнө кирип кеткен. Бүгүн депутаттарга карата өкүм чыгышы мүмкүн. (AzK)