Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

"Атажуртчу" үч депутаттын иши боюнча сот өкүмү окула баштады


Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун судьясы Субанкулов депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча сот өкүмүн окуп баштады. Соңку мүнөттөрдө депутаттарды сот залына алып киришкени кабарланды. Залда ушул тапта акыйкатчы Турсунбек Акун, депутат Бөдөш Мамыровалар бар экени кабарланууда. Соттун сыртында камалган депутаттардын 250-300 чакты жактоочулары чогулуп турат.

Мурдараак алардын сот залына кирип барышына тартип коргоочулар жол берген жок. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта милиция сотту эки катар курчап тургандыгын "Азаттыктын" кабарчысы билдирүүдө. “Ата-Журт”фракциясынын бөлүм башчысы Эркин Баяман мурдараак соттун айланасында провокаторлор болушу мүмкүн экендигин эскерткен.

Былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттолуп жаткан "Ата-Журттун" лидерлерине карата сот өкүмү аздан соң дайын болот.(AzK/JCH)

XS
SM
MD
LG