Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Сирия: оппозиция стратегиялык шаарды каратып алды


Сирияда оппозиция стратегиялык маанидеги шаарды каратып алгандыгы кабарланууда. Оппозициядагы активисттердин айтымында, сириялык козголоңчулар Иордан менен чек арага жакын жердеги Даел шаарын каратып алды. Бир күндөн берки айыгышкан салгылашта кыркка чукул киши, анын ичинде бир канча карапайым тургун набыт болду. Британияда жайгашкан Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө уюмунун билдиришинче, козголоңчулар шаардын кире беришиндегы Сирия армиясынын үч көзөмөл бекетин жок кылышты. Даел Сириянын түштүгүндөгү Дараа дубанын баш калаа менен бириктирген чоң жолдун боюнда жайгашкан. Аталган булакка ылайык, Дараада бир нече шаар-кыштакты көзөмөлдөп турган козголоңчулар азыр дубандын борборун көздөй баратышат.

XS
SM
MD
LG