Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Байсалов: Талиева менен тил табыша алган жокмун


Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматын аркалап келе жаткан Эдил Байсалов “Азаттыкка” кызматтан кетээрин 5-6 күн мурда эле билгенин жана кызматтан кетишине вице-премьер-министр Камила Талиева менен тил табыша албаганы себеп болгонун билдирди. “Беш-алты ай аралыгында ал биздин сунуш, долбоор, токтомдорубузду жактырбай эле кайтара берди. Ал мага өчөшүп эле туруп алды. Албетте кызмат деген келет, кетет. Бирок социалдык коргоо системасында 5-6 ай сайын киши алмаша берсе өнүгүү болбойт ”, - деди Эдил Байсалов.

Буга чейин “Азаттыкка” социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан Байсаловдун кызматтан алынуусун Жаштар министрлигинин карамагында болгон гендер маселесин эми Социалдык өнүктүрүү министрлиги карай тургандыгына байланыштуу болушу мүмкүн деп билдиришкен эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG