Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Баткенде «Өрүк гүл» фестивалы өтөт


Баткендин Самаркандек айлында 5-6- апрелге белгиленген иш-чарада концерт болот, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү, өрүктөн жасалган тамактын түрлөрү көрсөтүлөт. Ошондой эле Баткендеги кызыктуу жайларды кыдыруу каралган. Бул аймакта бактын шагында калган бойдон кургаган «кандек» өрүгү шириндиги жана ден-соолукка пайдалуу экендиги менен кеңири таанымал.

Уюштуруучу "Био-Мурас" коомдук корунун директору Акылбек Касымов өрүктүн атактуу сортторун даярдоодо органикалык же химикатсыз технологияга басым жасалганы менен, өрүктү кургатууда күкүрт колдонуу практикасы дагы деле бар экендигин мойнуна алды. (JcH)

XS
SM
MD
LG